www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түштүк Кореянын технологиялык гиганты Samsung дүйнөдөгү геосаясий кырдаалдан улам Орусияга продукциясын берүүнү токтотуп жатат. Бул тууралуу Bloomberg өз булактарына таянып жазды.
Басылманын маалыматына ылайык, тактап айтканда смартфондорду жана чиптерди чыгарган электроника өндүрүүчүсү Орусияга өзүнүн бардык продукциясын берүүнү убактылуу токтотту.
«Биздин башкы приоритетибиз - бардык кызматкерлерибиздин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу», - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Түштүк Кореянын Samsung телекоммуникациялык компаниясы электроника, жарым өткөргүчтөр жана телекоммуникациялык жабдууларды чыгарууга адистешкен.
Эске салсак, Орусиянын президенти Владимир Путиндин «Донбасстагы калкты коргоо» тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Тогуз күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катаал чабуулдар Киевде жана Харьковдо жасалды. Салгылашууда миңдеген адамдар каза болду.
Булак: NazarNews.kg