www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Бир нерсе болсо деле «депутаттар эмне кылып отурат?» дешет. Парламент эмне топпу? Тепкилетип коюп отура беребизби?", - деди эл өкүлү Мирлан Самыйкожо бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында.

"Жол салган, суу чыгарган, социалдык объекттерди курган бул депутаттын жумушу эмес. Муну өкмөт жасайт. Көчөдө тыгын болсо деле, аялы менен күйөөсү урушса деле, бир нерсе болсо деле «депутаттар эмне кылып отурат?» дешет. Парламент эмне топпу? Тепкилетип коюп отура беребизби? Мыйзам чыгаруу менен аткаруу бийлигин айырмалап билбесе, бизде билдирүү үчүн улуттук дагы, мамлекеттик дагы каналдар бар",- деди депутат.

Последние новости