www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шопурлар деген балээ, учурунда Атамбаевдин шопуру Илмиянов машинанын эмес, мамлекеттин рулун башкарып калган. Эми да шопурлар пайда боло баштады. Бала болуп башына жүн чыкканы Ширшовдун шопуру катары элге таанылган, андан соң  «Дастан» заводунда кароолчу болуп жүрүп «Газпром Нефть Азия» ЖЧКсында чоң кызматты ээлеген боюнча, таскактаган бойдон министр болгон. Баса, Талантбек Иманов Асылбек Жээнбековдун ишенимдүү жигити катары 2020-жылы 1 жарым миллион сом кошуп, өз талапкердигин «Биримдик» партиясынан коюп жеңишке жеткени менен алардын шайлоосу жараксыз болуп калган.  Уюлдук телефондор бийликти алмаштыруу үчүн оппозицияга аргумент болуп берген, эми да телефонго 700 сом кошулабы?

Эртеңки күнү министрлер кабинетинин төрагалык кызматы үчүн жанталашып жаткан кечээки Өмүрбек Бабановдун «Республика» партиясынан жаралып, ал 2017-жылы президентке талапкердигин койгондо, өзүн-өзү премьер-министр кылып жарыялаган  Бакыт Төрөбаев чамдана баштады. Ал өңүн хамалеондой өзгөртүп, азыркы күнү «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын терисин жамынып алып, Талантбек Имановду таскактатып алдыга салган.

 2010-жылы февралда ал кездеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн премьер-министри Данияр Үсөнов элге салык салуунун ойго келбес жоругун баштаган. Электрэнергиясынын тарифи ошол кезде жаңы эле кымбаттагын эске албай Данияр Токтогуловичтин Өкмөтү уюлдук телефондун бирдигине өкмөт ала турган 60 тыйындык жогорулатуу кийирген. Ар бир бирдиктен 60 тыйындан алып отурса канчалаган акчалар түшөт эле. Бул ошол мезгилде иштеп жаткан бийликке каскак болуп, өкмөттүн ушундай терс сунуштарын оппозиция майдай жактырып, элди бийликке каршы үндөө үчүн жакшы аргумент болуп берген. Уюлдук телефондорду идентификациялоодо аппаратты каттоо үчүн 700 сом өлчөмүндө акы алынбайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, Санариптик өнүктүрүү министрлиги “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Электр жана почта байланышы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялоо-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун коомдук талкууга алып чыккан, ал уюлдук байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн колдонулуучу түзүлүштөрдү идентификациялоонун мурда сунушталган тартиби боюнча сын-пикирлерди эске алуу менен демилгеленген.

Мыйзам долбоорунун сунушталып жаткан редакциясына ылайык, уюлдук түзүлүштөрдү, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн колдонулган түзүлүштөрдү идентификациялоо лицензиялануучу ишмердик болуп саналбайт. Аталган ченем жеке компаниялардын атынан идентификациялык оператордун болушун жана бир аппаратты каттоо үчүн 700 сом өлчөмүндөгү төлөмдү жокко чыгарат.

Идентификациялоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт, ал Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келинген бардык түзүлүштөрдү идентификациялоо талаптарын аныктайт.Мобилдик түзүлүштөрдү, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн колдонулуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо өлкөгө алынып келинүүчү контрабандалык товарларга каршы күрөшүүдө оң таасирин тийгизет, бул өз кезегинде экономикалык ишмердик жүргүзүүчү субъекттерди көмүскөдөн чыгарууга да оң таасирин тийгизет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости