www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Санкт-Петербургда адам өлтүрүүгө шектелген Кыргызстандын 41 жаштагы жараны кармалды. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитетине шилтеме берүү менен РИА Новости билдирди.
Бир нече күн мурун 27 жаштагы Юлиана батирдеги оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерүү үчүн барып, андан соң байланышка чыкпай калган.
Кыздын жакындары бул тууралуу укук коргоо органдарына билдиришкен. Батирге келген полиция анын денесин полиэтилен пакетине оролгон абалда табышкан жана анда муунтуунун белгилери байкалган.
Оңдоо иштерин кыргызстандыктар жүргүзгөн. Полиция РФ Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси («Киши өлтүрүү») боюнча кылмыш ишин козгоп, ага издөө жарыяланган.
"Иликтөө иш-чараларынын жана ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында ИИМдин облустук башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте бул кылмышка шектүү делип 1981-жылы туулган жаран кармалды", — деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg