www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Санкциялар Кыргызстанга жетип келди

Буга чейин АКШ бир нече кыргыз компаниясына да санкция салган. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда  Еврошаркет Орусиянын Украинага каршы согушуна жардам берген борбор азиялык компанияларга санкция салууну көздөп жатат. Уюмдун Москваны бутага алган санкцияларынын 12-пакетине жалпысынан 31 жаңы компания киргизилиши мүмкүн. Алардын арасында Казакстандагы эки, Өзбекстанда катталган бир компания бар.

Санкциялардын жаңы пакетине киргизиле турган казак компаниялары "Аспан Арба" жана Da Group 22, ал эми өзбек ишканасы Mvizion деп аталат. "Аспан Арба" чет өлкөдөн дрондорду сатып алып, Орусиядагы Sky Mechanics (Skymec) деп аталган орусиялык компаниясына жөнөтүп турат. Da Group 22 өткөн жылы Казакстандан Орусияга миңдеген микрочиптерди экспорттогон. Ноябрдын башында АКШнын Соода министрлиги Өзбекстандын Mvizion ишканасына санкция салган. Буга аталган өзбек компаниясынын "кара тизмедеги" орусиялык фирмага “электроника компоненттерин жана компьютердик программаларды” жөнөткөнү себеп катары көрсөтүлгөн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости