www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусияга каршы киргизилген санкциялар орусиялык компаниялардын дээрлик 87 пайызына таасирин тийгизди. Алардын көбү жаңы шарттарга ылайыкташты же жакын арада адаптация болоруна ишенүүдө.
Бирок алардын 12 пайызы кыйынчылыкты жеңе алган жок жана толугу менен же жарым жартылай бизнесин токтотууга мажбур болду. Бул тууралуу Борис Титовдун ишкерлердин укугун коргоо боюнча аппараты жүргүзгөн мониторингде айтылат.
Документке караганда, сурамжылоого алынгандардын он жарым пайызы гана алардын бизнеси мурдагыдай эле туруктуу экенин жана өнүгүп жатканын билдирген. Үчтөн эки бөлүгү экономикалык каатчылыктын кесепеттерин сезип жатышканын айтышкан. Респонденттердин 62 пайызы бизнеске таасирин тийгизген көйгөйлөр катары суроо-талаптын төмөндөп кеткенин, каражаттын тартыштыгын, жеткирүү чынчырчасынын үзүлгөнүн жана импорттук товарларды алып келүүдөгү кыйынчылыктарды аташкан.
Ошол эле маалда ишкерлер өкмөттүн бизнести колдоо боюнча аракеттерин жетишсиз деп эсептешет.
Эске салсак, 24-февралда Украина кол салууга кабылгандан кийин Батыш өлкөлөрү Орусияга болуп көрбөгөндөй санкцияларды киргизген. Экономиканын бүтүндөй бир сектору, Борбордук банктын активдери, ири орус банктары жана ишканалары чектөөлөргө кабылган.
Көптөгөн экономисттер эл аралык каржы рыногуна кирүүдөгү чектөөлөр жана Орусиядан жүздөгөн батыш компанияларынын чыгып кетиши жогорку инфляция жана жумушсуздуктун көбөйүшү менен коштолорун божомолдошууда.
Булак: NazarNews.kg