www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укук коргоочулар тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген журналист Санрабия Сатыбалдиева "боюнан түшүп калуу коркунучу бар" деген диагноз менен ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев Facebook баракчасына билдирүү калтырды.

"Социалдык тармактарда ИИМге шилтеме жасап, Санрабия журналисттик материал үчүн акча талап кылганын мойнуна алганын жазышууда. Бирок, андай эмес. Анткени экинчи жактоочу экөөбүз Сатыбалдиева менен жолугуп сүйлөшкөнбүз. Ал эч кандай күнөөсүн мойнуна албаганын айтты", - деди Жоошев.

Белгилесек, журналист Сатыбалдиева опузалап акча талап кылганга шектелип, 48 саатка камакка алынган. Кийинчерээк ал эч кимден акча опузалабаганын жана бул ишке депутат Шаирбек Ташиевдин тиешеси бар экенин билдирген.

«Мен тергөө үчүн унчукпай турам, чыккандан кийин баарын айтам», — деди Сатыбалдиева.

Буга чейин, журналист Санрабия Сатыбалдиева жана оператор Калыс Аширбековду кармалышы боюнча ИИМдин басма сөз кызматы маалымат тараткан. Ага ылайык, күч органдары 3-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарынан “системалуу түрдө акча опузалаган бир катар жарандарды” эки миң доллар каражат алып жатканда кармаган. Шектүүлөр депутаттарды “2016-2017-жылдагы аудиожазуулар менен шантаж кылганы” айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости