www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

9-май Жеңиш күнүн бир гана орустар алып келген эмес. Бирок Москва Жеңиш күнүнө каалаганын чакырып, каалаганын чакырбай адат кылып алды. Дүйнөлүк экинчи согушта орустар менен кошо америкалыктар, англичандар, француздар жана башка толтура мамлекеттер салгылашкан. Ал эми СССРдин курамында он алты республика бар болчу. Бир гана Карелия-Фин Республикасы Орусиянын курамында калып, калган он беш республика өз мамлекеттерин түзүп кетти. Жеңиш парадына арналган парадка мурунку СССРден чыккан мамлекеттерден  кимдер катышышы мүмкүн? Орусиянын президенти Владимир Путиндин көрсөтмөсү боюнча бүгүлүп барып катыша тургандар үчөө: Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Белорус президенти Александр Лукашенко. Катышуу катышпасы күмөн мамлекет башчылары алтоо: Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзияев, Армениянын өкмөт башчысы Пашинян (Батышты карап кетип, Путиндин каарына калып жүрөт), Азербайжандын президенти Илхом Алиев, Түркмөнстандын президенти Гурмангали Бердымухаммедов, Молдова президенти Майя Санду. Атып салса да бул парадка катышпай тургандар бешөө: Латвия, Литва, Эстония, Грузия, Украина.

Сапар Исаков Кремлде баш калкалап жатканы менен аны официалдуу эч ким парадка чакырбайт. Бирок Кремлге жагыныш үчүн парадка өз алдынча катышышы ыктымал. Кремль «Газпром» аркылуу алдырып алып башынан сылап отурган, Кыргызстандын түрмөсүнүн качып чыккан «зэк» Сапар Исаков мамлекет башчысы болуш үчүн ар кандай кутумдарды жасай баштады. Анын патрону Батыштын саясатын жүргүзүп, «Азаттык» сыяктуу үн алгыларды финансылап жаткан Алмазбек Атамбаев. Учурунда АКШнын сөзүн тоту куштай кайталап, Манастагы авиабазаны жаппайбыз деп АКШка жан тартып турган Сапар Исаков өз көз карашын Атамбаевке карай өзгөртүп, эми Кремлге барып, Манастагы авиабазаны мен кетиргем деп мактана баштады. Тарыхка кылчайып көрөлү: «WikiLeaks» сайты абдан жашыруун эсептелген Сапар Исаков менен АКШ элчилигинин ортосундагы «973» маалыматтарды эл алдына алып чыкты. Бул маалыматтардын ичинен бизге керек маалыматтарды жана Сапар Исаков тууралуу кызыктуу окуяларды гана бөлүп алып которууну туура көрдүк.

 Конфиденциалдуу бөлүгү (өтө жашыруун сакталып келген маалыматтар):

1. АКШнын элчиси Татьяна Гфэллерден маалымат. Вашингтондун өкүлүнүн айтканына караганда кыргыз саясий элитасынын саясатка болгон көз карашын талдаганда «меркантилдүү» жеке байуу кызыкчылыгы бардыгынан жогору турарына күбө болгон. Сапар Исаков мурунку «опалдуу» президенттик аппарат жетекчисинин эң жакын «кол куурчагы» катары, Медет Садыркулов Манастагы авиабазанын  жабылышына каршы турганын барынан жакшы билет.

Сапар Исаков Садыркуловду туурап, өз көз-карашын түзгөн, базаны жабуу Кыргызстандын мүмкүнчүлүгүн кескин азайтат деп айткан.  Жайында президенттин кайра шайланышы менен Медет Садыркулов менен кошо Сапар Исаковду колдоп келген кызматкерлердин көпчүлүгү президенттик администрициядан тазаланышы күтүлөт. Сапар Исаковдун айтуусунда кыргыздын атайын жашыруун кызматы  АКШ менен болгон эки тараптуу макулдашууларды жана америкалыктарга көмөк көрсөтүп турган «кол тийбестик» боюнча маселелерди кайрадан карап чыгышы керек.

2. Май айында кыргыз атка минери Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын «Миң жылдыктын чакырыктары программасынын» алкагында  «Миң жылдыктын чакырыктары» маселеси боюнча талкуулардан өткөрүүдөн баш тарткан да, Кыргызстандагы мамлекеттик башкаруудагы катачылыктар тууралуу ойлорун ачыктаган. Демек, бийликте иштеп туруп, АКШны колдогон өз позициясы менен бийликке каршы чыккан.

3. Садыркулов менен Манастагы авиабазанын кетиши. 2008-жылдын аягында президенттик аппарат жетекчиси Медет Садыркуловдун кызматынан кетиши менен Сапар Исаков кыргыз саясий лидерлери саясат жүргүзүп жатканда башкы орунга өзүнүн жеке акчага болгон кызыкчылыктарын  койот деп ишеним менен айтып чыккан. 2008-жылдын 7-октябрында Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда кызматташууну өркүндөтүү тууралуу, орустар тарабынан финансылык жардам көрсөтүү керектиги баса белгиленген. (Албетте, Манас авиабазасын жабуу тууралуу келишим тууралуу сөз болгон). Сапар Исаковдун айтымында Медет Садыркулов АКШ тарапты үмүттүү карагандыктан, Москва менен  биргелешип кызматташуудан баш тарткан. Балким Садыркуловдун кызматтан кетишинин башкы себеби ушул болуп жүрбөсүн?

4. Сапар Исаков айткандары мындай: «Орустар макулдашууда каралган милдеттенмелерин эч качан мурункулардай эле аткарбайт». (АКШ элчилигинин комментарий бергендери: «Москва 450 млн. доллар жардам берүүнүн ордуна карыздарды гана жок кылды. Учурда элчиликте Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна орустар 1,4 млрд доллар акчаны качан бере турганы боюнча маалыматтар жок). Медет Садыркуловго таянган Сапар Исаков Манас авиабазасын жабуу менен Кыргызстан көп мүмкүнчүлүктөн ажырайт деп кайра-кайра какшай берген, балким АКШ тараптан берилген материалдык жардамдар анын жанын тынчытпай жатса керек. Сапар Исаковдун айтуусунда бир гана Медет Садыркулов бардык чечимди туура кабыл алчу, Медет Садыркуловдун кетиши менен жеке кызыкчылыктар ойнобой, бир гана акча чечип калды» -деген ойлорду эл арасына тараткан.

5. Сапар Исаков Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбановго тымызын жаман бойок сүйкөп, Эднан Карабаевдин Манас авиабазасынын жабылышына каршы чыкканын кош-колдоп мактап чыккан. Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбановду бизнес-кызыкчылыктар гана кызыктырарын баса белгилеген. Сапар Исаков: «Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбанов эч кандай талдоо жүргүзбөстөн жүргүзгөн саясаты Кыргызстандын таш-талканын чыгарат» -деген. Буга АКШ элчилиги кошумчалаган: Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбанов буга чейин Кытайга элчи болуп иштеп келген деп.

6. Президенттик шайлоо жана кадрдык тазалоо. Сапар Исаковдун айтуусунда Медет Садыркулов бийликке каршы күчтүү оппозиция топтоп, бийликти алууну көздөгөнүн өлөр алдында айтканын баса белгилейт. Садыркулов Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевден колдоо тапкан, андан тышкары кандайдыр бир деңгээлде Орусиялыктар тарабынан да колдоо тапкан. Сапар Исаковдун айтуусунда вице-премьер Элмира Ибраимованын бийликке каршы жасаган аракеттери да Медет Садыркулов менен байланышта болгон.

7. Кол тийбестик тууралуу. Сапар Исаковдун айтуусунда кыргыздын атайын жашыруун кызматы  АКШ менен болгон 1993-жылдагы эки тараптуу макулдашууларды жана америкалыктарга көмөк көрсөтүп турган «кол тийбестик» боюнча маселелерди кайрадан карап чыгышы керек. Анын ичинде Улуттук Демократиялык институтутуна(НДИ –NDI) чоң басым жасалыш керек. Буга АКШ элчилиги мындай коммнетарий берип жатат. Кыргыз тараптан  Улуттук Демократиялык институтутуна (НДИ –NDI) тескери көз караштар көбөйүп баратат.

8. Комментарий. Сапар Исаков мурунку «опалдуу» президенттик аппарат жетекчиси Медет Садыркуловдун эң жакын адамы болгон. Медет Садыркуловдун ишенимдүү адамдарынын аягы суюлуп баратат, ошондуктан өкмөттө эмес, өкмөттөн тышкары алар өз пикирлерин билдирүүдө.

Сапар Исаковдун айткандарына баа берип, элчилик Кыргызстанда акча менен иш жүргүзүп жатканына маани берет. Бирок анын жеке Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбановду бизнес-кызыкчылыктар гана кызыктырарын баса белгилегени анчалык кооптуулукту туудурбайт, себеби анын жеке бизнестери жок.

Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбанов элчи менен болгон сөзүндө бизнес кызыкчылыктар менен иш жүргүзбөйт, бирок анын Кытайга элчи болуп турганда сатуу-сатып алуу боюнча таасир тийгизип турганы чындык.

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости