www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Бейшеналиев кайсы мамлекетке элчи болуп кетет?

Мурдагы Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Белияга элчи болору айтылды. Бул тууралуу депутат Рыскелди Момбеков социалдык тармакка жазды.

Алмазбек Бейшеналиев 5-майда, президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык Билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулган. Анын ордуна Болотбек Купешев Билим берүү жана илим министри болуп дайындалды.

61 жаштагы Болотбек Купешев министрлик кызматка келгенге чейин Бишкек шаарындагы №69 мектеп-гимназиясынын директору, Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун акими, Соода-өнөр жай палатасынын түндүк аймактар менен иштешүү департаментинин жетекчиси кызматтарын аркалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости