www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сарпашев бул жолу суракка кандай себеп менен чакырылды?

Бүгүн, 15-декабрда саат 10:00дө мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматта суракка алынат. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы булактар ​​билдирди.

Белгилей кетсек, 27-ноябрда Каржы полициясы аткаминерди мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган. Сарпашев мамлекеттик кызматта жетекчи кызматтарды аркалап жүрүп, көптөгөн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болуп, кийин аны жакын туугандарына каттатып, декларацияларда көрсөтпөгөндүгү белгиленди.

7-декабрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат экс-вице-премьер-министр Токтогул районунун Торкен айыл өкмөтүнүн балансына мурун алган жана жакын туугандары үчүн каттоодо турган 500 гектар жайыт жерин, ошондой эле Токтогул районунда жайгашкан 30 гектар сугат жерин кайтарып бергендигин жарыялаган.

Ошентип, Сарпашев мыйзамсыз алынган мүлктү өз ыктыяры менен кайтарып берүү шарттарынын баштапкы этабын аткарды.

Эске салсак, экс-вице-премьер 9-декабрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматта суракка алынып, тергөө үчүн кызыккан бардык суроолорго жооп берүүгө даяр экендигин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости