www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте эркек адамдын жансыз денеси табылды

Бишкекте эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-ноябрь күнү болжол менен саат 11:50дө Фрунзе жана Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишинде келбетеси азиялык болгон болжолдуу 40-45 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Маркумдун өзгөчө белгилери: бою 175 сантиметр, чачы кара, арыкчырай дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: кара кепка, көк спорттук кийим, жана көк жынсы шым.

Милиция кызматкерлери сүрөттөгү адамдын аты-жөнүн аныктоого көмөктөшүүңүздөрдү өтүнөт. Ал тууралуу кандайдыр бир маалымат тапсаңыз, төмөнкү телефондор аркылуу байланышып коюңуздар: 0 (312) 352-605, 0 (551) 102-129 жана 102 номерине.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости