www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ар кандай инфекциялар менен организмдин сезгенүүсү адамдын канчалык жаш экенине карабай кан айлануу системасына катуу зыян келтирет. Бул тууралуу Medical Express медициналык басылмасы жазды.

Мындай бүтүм чыгарардан мурда Германиянын Рак илдетин изилдөө борбору менен HI-STEM институтунун илимпоздору чычкандарга бир нече жылга созулган изилдөө жүргүзүп көрүшкөн. Жыйынтыгында жугуштуу ооруга чалдыгып же сезгенип калган чычкандардын кан клеткаларын калыптандырчу элементтер бир жыл бою жетиштүү деңгээлде регенерация боло албасы аныкталган.

"Мындан улам адистер мындай илдеттерден кандын курамы жана кан тамырлар аз болсо дагы кайра калыбына келгис болуп бузулат деген жыйынтыкка келишти. Демек, акырындык менен кан айлануу системасынын өмүрү кыскара берет", — деп айтылат макалада.

Эң кызыгы, бир нече жолу катары менен инфекциялык илдетке кабылган жаш чычкандардын организминде көбүнесе карыганда пайда боло турган дарттар байкала баштаган. Мисалы, жаңы кан оңой менен иштелип чыкпай, анемия оорусу пайда болгон.

Мындан улам адистер сасык тумоо организм, анын ичинде кан айлануу системасын оор кесепеттерге кептей турганын эскертип, өзүнө камдуу болууга чакырат. Ал үчүн адамга грипптин сезону келе жатканда иммунитетти бекемдеп, вакцина алуу сунушталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости