www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сауд Арабиясынын түштүк-батышындагы Джизан шаарынын аймагына тиешелүү бир айылга Йеменде учурулган ракета кулап, 5 киши жараланган. Бул тууралуу cnnturk.com жазды.

Сауд Арабия кабар агенттиги (SPA) берген маалыматка ылайык өлкө аймагына кулаган ракета Йемендеги хувсийлер тарабынан учурулганы билинди.

Муну менен катар, ракета кулаган Джизан шаарында 3 унаа талкаланып, жаракат алган 5 жарандын ооруканага жеткирилгени белгилүү болду.

Болуп өткөн бул окуяга байланыштуу хувсийлер тарабынан түшүндүрмө жасала элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости