www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сауд Аравиясы жүргүзүп жаткан реформалардын жана инновацияларга багыт алган экономикалык саясаттын аркасында америкалык инвесторлор үчүн барган сайын кызыктуу рынокко айланып жатат. Бул тууралуу Al-Eqtisadiah басылмасына берген маегинде Meridian International Center уюмунун башкы директорунун милдетин аткаруучу Дебора Лер билдирди.
Анын айтымында, АКШ инвесторлорунун өзгөчө кызыгуусун жараткан алты негизги тармак бар. Алардын катарына туризм, мейманкана бизнеси, люкс товарлар, маданият, технологиялар жана инновациялык тармактар кирет.
Лер Сауд Аравиясы чет элдик компаниялар үчүн өкүлчүлүк ачуу жол-жоболорун кыйла жеңилдеткенин белгиледи. Бул айрыкча чакан жана орто бизнес үчүн маанилүү болуп, өлкөнү ири корпорациялар менен катар жаңы инновациялык компаниялар үчүн да жагымдуу кылууда.
АКШнын соода жана инвестициялык делегациясы Сауд Аравиясынын мамлекеттик жана жеке секторунун өкүлдөрү менен жолугуп, «Көрөгөчтүк 2030» программасынын артыкчылыктарын иш жүзүндө ишке ашыруу маселелерин талкуулады.
Маалыматка ылайык, АКШ менен Сауд Аравиясынын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 40 миллиард долларга жакын, бул эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтыкты дагы кеңейтүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар экенин көрсөтөт.