www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

11-май күнү Савай каналына 2000-жылы туулган К.А. аттуу аял киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ошол күндөн тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана тиешелүү кызматтар издөө иштерине киришкен. Бул тууралуу ӨКМнын Ош облустук башкармалыгынан билдиришти.

11-12-май күндөрү издөө иштерине ӨКМнын Кара-Суу райондук №102 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 12 куткаруучу, ИИМден 15 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 170 адам, жалпы 197 адам тартылган.

Бүгүн, кошумча издөө иштерине ӨКМден жалпы 32 куткаруучу жана 215 адам тартылган. Кошумча маалымат берилет.

 

Последние новости