www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөсү Мамбетжунус Абылов кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда белгилүү болду. Кечээ, 26-октябрда, Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрүнүн бири Мамбетжунус Абыловдун үйү тинтүүгө алынган. Ал эми 25-октябрда Мамбетжунус Абылов маалымат жыйынын өткөрүп, анда оппозициячыл саясатчылар менен активисттердин жолугушуусунун чоо-жайын айтып берген.
Эске салсак, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун көпчүлүк добуш менен жактырган. Эми документке эки өлкөнүн президенттери кол коюп, андан соң Жогорку Кеңеште ратификациядан өтүшү керек.
Бул ортодо Кемпир-Абад суу сактагынын айланасындагы маселе боюнча 20-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков кызматтан алынды.
Ал эми 23-октябрда Кемпир-Абаддын айланасындагы чууга байланыштуу 22 адам кармалган. Алардын арасында белгилүү саясатчы, журналист, активисттер бар.
Булак: NazarNews.kg