www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акаевди аңга, Атамбаевди абакка салган Сегизбаев суудан кургак чыккысы келеби?
Айтор, мурдагы УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев, Атамбаевге моралдык колдоо көргөзүү үчүн эле барганын айтып, Кой-Таш окясы боюнча түзүлгөн коммиссияга агынан жарылып жаткан кези.
Болбосо, кезинде ошол эле экс-президенттин “поддержкасы” менен “кайни” Сегизбаев жакшы эле семирген. Эми аскердик тажрыйбасы жок, басма сөз катчы, катардагы журналист болуп эле жүргөн адам, “жездеси” Атамбаевдин доорунда, чекстерди башкарып, “генералдыкты” багынтканы ырас.
Туура, анын өзүнүн деле эмгеги “зор” - ойлоп тапкычтыгы боюнча. Ошол ойлоп тапкычтыгы менен “Сегизбаевдин Белизгейти” деген сыяктуу саясий оюндарды, президенттин сахнасынан көрүп турганбыз.
Эми анын, “Атамбаевдин аракетинин мыйзамдуулугу тууралуу сүйлөшкөн эмеспиз” дегени “эркекче” болбой калды окшойт. Актанып суудан кургак чыккысы бар.
Бир кездери кайсы бир көрөгөч көсөмдөр Сегизбаев тууралуу, “Акаевди аңга тыккан, Атамбаевдин деле айласын табат” деген эле.
Булак: NazarNews.kg