www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мульти –миллиардер, учурда СИЗОдо жаткан Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоодо кимди көтөрүп чыгуу керек экенин аныктап алгандай. Ал «Мамлекеттик шопур» Икрам Илмияновду талапкер кылгысы келген, бирок ал өз мекени Баткенде Имамидин Ташовдон жыгылып калчудай. Дагы бир таянган тоосу Тайырбек Сарпашев жаңы бийликке кусуп бере баштады. Анан шак эле президент болбосо да бир-аз уккутарын пайдаланып алсын деп Абдил Сегизбаевдин талапкердигин колдоп жаткандай. Атамбаевдин башына каран түн түшө баштады. Буга чейин УКМКнын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев камакка алынган. Ал болсо кесиптеши Болот Сүйүмбаевге көрсөтмө бергени маалымдалды. Маселенин маңызы – Кыргызстанга контрабандалык жол менен кирген ири өлчөмдөгү алтындар жөнүндө болуп жатканы каңкууланды. Болот Сүйүмбаев УКМКнын орун басары болуп турганда мыйзамсыз иштерге барганы, контрабанданы көзөмөлдөгөнү, натыйжада, бүгүн былыгы чыгып, суракка чакырса качып кеткенин эшиттик. Мындан сырткары, коррупциялык иштерге да аралашканы айтылууда. Тергөө купуясына жараша көп нерсе ачыкка чыкпай турат. Эми Болот Сүйүмбаевди кармай алышабы, же бийлик эски адатынча эле көз жумду мамиле кылып коёбу?..
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg