www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга Олимпиада оюндарынан алтын байге алып барганга аракет кылам. Бул тууралуу боксчу Мунарбек Сейитбек уулу билдирди.

«Жарым финалга чыктык. Бирок муну менен токтоп калбаганга баарын жасайбыз. Жарым финалда, финалда утуп, Кыргызстанга алтын алып барганга аракет кылабыз. Баарына рахмат!», — дейт спортчу.

Ошондой эле Мунарбек Сейитбек уулу чейрек финалда уткан атаандашы америкалык Жамал Харви оңой атаандаш болбогонун белгилеген.

«Ал мыкты атаандаш болду. Себеби дүйнө чемпиону эмеспи. Ал дагы аракет кылды, бирок жеңиш биз тарапта болду», — дейт ал.

Эскерте кетсек, Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиада оюндарында бокс боюнча мелдештин жарым финалына чыкты. Ал жарым финалга өткөн 4 боксчунун бири катары Олимпиададан олжосуз кайтпайт. Себеби жарым финалга чыккан спортчулардын капчыгында кеминде коло байге турат. Ал эми финалга өтсө, алтын үчүн күч сынаша алышат.

Ал Кыргызстандын тарыхында Олимпиада оюндарында байге алган биринчи боксчу болуп калды.

Последние новости