www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) Борбордук Азия өлкөлөрүн, анын ичинде Кыргызстандагы медициналык мекемелерди ири жер титирөөлөргө даярдоо боюнча билдирүүсү коомчулукта талкуу жаратты.
Социалдык тармактарда мүмкүн болуучу жер титирөө жана өлкөнүн кырсыкка даярдыгы тууралуу суроолор көтөрүлүп, айрыкча медициналык мекемелердин абалына көңүл бурулууда.
Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахматов түшүндүрмө берип, учурда Кыргызстанда жакынкы аралыкта жер титирөө болот деген так маалымат жок экенин билдирди.
Анын айтымында, ДСУнун билдирүүсү түздөн-түз жер титирөө болот деген эскертүү эмес, жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерине алдын ала даярдык көрүү зарылдыгы тууралуу чакырык.
«Негизги максат – жер титирөө болгон учурда адамдардын жаракат алышын жана жоготууларды азайтуу. Ошондуктан медицина кызматтары, мобилдүү госпиталдар жана тиешелүү кызматтар алдын ала даяр болушу керек», – деди адис.
Абдрахматов Кыргызстанда жарандардын жер титирөөгө даярдыгы жетишсиз экенин белгиледи. Анын пикиринде, жаратылыш кырсыктарына даярдык мектептен баштап окутулуп, калк арасында түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү керек.
Ошондой эле ал Бишкек шаарындагы «Ысык-Ата жаракасы» тууралуу маалымат берип, бул активдүү тектоникалык сызык Чүй өрөөнү аркылуу өтөрүн айтты.
Жарака Токмок шаарынан Сосновка айылына чейин созулуп, Бишкектин түштүк бөлүгүнө жакын аймактарды камтыйт.
Сейсмологдун айтымында, кооптуу аймактарга курулуш жүргүзүүгө болбой турганы тууралуу эскертүүлөр буга чейин да айтылып келген.
Бирок айрым жерлерде жаракага жакын аймактарда көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу жүрүп жатат.
Ал Кыргызстандагы сейсмикалык жактан кооптуу аймактардын катарына Алай өрөөнүн, Ош жана Жалал-Абад аймактарын, ошондой эле Ысык-Көл өрөөнүн атады.
«Биз кайсы аймактар кооптуу экенин билебиз, бирок жер титирөөнүн так качан болорун айта албайбыз.
Бүгүнкү күндө дүйнөнүн эң өнүккөн өлкөлөрү – Япония жана АКШ дагы жер титирөөнү алдын ала так божомолдой албайт», – деди Канатбек Абдрахматов.
Ал жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө жана өзгөчө кырдаалдарга даяр болууга чакырды.