www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Бендер-Аббас темир жол станциясына жасаган соккусунан кийин Ирандын Темир жол башкармалыгы жүргүнчү ташуу тартибине өзгөртүү киргизди.
Хормозган провинциясындагы темир жол тилкесинин бир бөлүгү түнкү чабуулдан жабыркагандан кийин бул багыттагы жүргүнчү поезддеринин кыймылына чектөөлөр киргизилди.
Маалыматка ылайык, Хормозган провинциясындагы Бендер-Аббас станциясынан жөнөгөн же ошол станцияга келген жүргүнчүлөр алгач автобус менен ошол эле провинциядагы Фин станциясына жеткирилип, андан соң сапарын поезд менен улантышат.
Белгилей кетсек, Бендер-Аббас темир жол станциясы өткөн түнү АКШнын соккусуна кабылган. Окуянын кесепетинен эки адам жаракат алып, станцияга материалдык зыян келтирилген.
Бендер-Аббас темир жол станциясы Ирандын түштүгүндөгү эң маанилүү темир жол түйүндөрүнүн бири болуп эсептелет. Анын Шахид Раджаи порту менен байланышы бул транспорттук комплексти эл аралык Түндүк–Түштүк транспорттук коридорунун негизги түйүндөрүнүн бирине айландырган.