www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги автобустун ичинде ысык +54,5°С чейин жетти

Бишкек шаарындагы коомдук транспортто абанын температурасы кооптуу деңгээлге жетип, жүргүнчүлөрдүн нааразычылыгы күчөөдө. Автобустун салонундагы электрондук табло +54,5°С көрсөткөнүн жүргүнчүлөр сүрөткө тартып, социалдык тармактарга жарыялашты.

Жүргүнчүлөрдүн айтымында, автобустардын көбүндө кондиционерлер иштебейт же таптакыр жок болгондуктан, салондогу ысык адам чыдагыс абалга жетүүдө. Айрыкча күндүн ысык маалында коомдук транспорт менен жүргөн кары-картаңдар, балдар, кош бойлуу аялдар жана өнөкөт оорулары бар адамдар үчүн мындай шарт ден соолукка олуттуу коркунуч жаратышы мүмкүн.

Акыркы күндөрү Бишкекте сырттагы абанын температурасы +40°Стен жогору болуп жаткандыктан, коомдук транспорттогу желдетүү жана муздатуу системаларынын иштөөсү өзгөчө мааниге ээ болууда. Бирок жүргүнчүлөрдүн айтымында, көпчүлүк автобустарда терезелер толук ачылбайт, кондиционерлер иштетилбейт жана салондогу аба дээрлик алмашпайт.

Шаар тургундары жооптуу мекемелерди коомдук транспорттун техникалык абалын текшерип, кондиционерлердин иштешин камсыздоого жана жүргүнчүлөр үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырууда. 

Адистер болсо мындай жогорку температурада узак убакыт болуу кан басымдын өзгөрүшүнө жана күн өтүп кетүү коркунучуна алып келиши мүмкүн экенин эскертип, мүмкүн болушунча суу ичип, күндүн эң ысык маалында сапарларды азайтууну сунушташат.

Последние новости