www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Селден 50дөй мамлекеттик суу чарба объектиси зыянга учурады

Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Айыл чарба министрлигинин алдындагы Суу ресурстары мамлекеттик кызматынын башчысы Алмазбек Сокеев билдирди.

"Ушул жылдын апрель-май айларында узакка созулган, нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сугат маалына даярдалган мамлекеттик ирригациялык объектилер зыянга учурады. Селден улам өлкө боюнча 48 суу чарба объектинде кыйроо болду жана чыгымы 18,4 миллион сомду түздү", - деди Сокеев.

Мунун алдында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайыга байланыштуу чукул кабар таратты. Ага ылайык, 23-майда Кыргызстандын бир катар региондордо маал-маалы менен нөшөрлөгөн жамгыр, ал эми тоолуу аймактарда кар жаайт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, ал эми кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

"Мындай туруксуз аба-ырайы айдоочулардын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат жана жайыттарда малчылардын түйшүгүн көбөйтөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал", - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Эске салсак, май айындагы катуу жааган жаандан улам өлкөнүн дээрлик бардык аймагында сел жүрүп, бир топ турак-жай жарактан чыкты. Короолор, жолдор жана көпүрөлөр бузулуп, ондогон гектар айдоо аянтын сел жууп кетти. Учурда табыгый кырсыктын кесепетин жоюу, чыгымын тактоо иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости