www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Селден бир үй-бүлөнүн 11 мүчөсү каза болду

Пакистанда 30-июлда катуу жааган жаандан кийин сел жүргөн аймакта адам өмүрү кыйылганын, куткаруучулар суу каптаган жерлерде каза болгондордун сөөгүн издеп жатышканын «Машаал» радиосу билдирди.

Өзгөчө кооптуу абал түндүк-батыштагы Хайбер-Пахтунхва провинциясында жаралганы, ал жакта бир үй-бүлөдөн 11 киши набыт болгону, алтоо балдар, калгандары эки эркек жана үч аял экени маалымдалды.

Пакистанда июль айы башталгандан бери көпчүлүк аймактарда нөшөр жаан жаап, сел жүрүүдө. Бүгүнкү күнгө карата жалпысынан 60тан ашуун адамдын өмүрү кыйылды, алардын көбү Пенжабда жана Белужистанда.

Последние новости