www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүргөнүнө байланыштуу Аксынын Ак-Суу айыл аймагы райондун борбору менен байланышы үзүлдү. Бул тууралуу райондук акими Замирбек Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, жол жамгыр токтосо 1-2 күндө жол калыбына келтирилиши мүмкүн. Аким Ак-Суу айыл аймагында жети миң киши жашарын, райондун борборуна өтчү башка жол жок экенин белгиледи.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда 21-22-майда нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүргөнүнө байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялаган.

Мекеменин маалыматына ылайык, табыгый кырсыкта алты көпүрө жарактан чыкты, Кашка-Суу, Кара-Суу, Авлетим, Ак-Суу жана Кызыл-Туу айыл аймактарында жолдорду суу жууп кетти. Ошондой эле ондогон үйдү, бир социалдык объектини сел каптады. Учурда аймакта селдин кесепетин жоюу, чыгымды эсептөө иштери жүрүп жатат.

Май айындагы катуу жааган жаандан улам өлкөнүн дээрлик бардык аймагында сел жүрүп, бир топ турак жай жарактан чыкты. Короолор, жолдор жана көпүрөлөр бузулуп, ондогон гектар айдоо аянтын сел жууп кетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости