www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

20-21-декабрь күндөрү мэриянын астында Айбек Жунушалиевдин отставкасын талап кылган митиг болот. Бул тууралуу журналист Семетей Талас уулу өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«20-21-декабрь күндөрү мэриянын астында, мектеп окуучуларына жол кирени 10 сом кылуусун талап кылып митинг өткөрөбүз. Жол кирени 10 сом кылбаса мэр Айбек Жунушалиевдин отставкасын талап кылабыз!», - деп жазган ал.

Белгилей кетсек, борбор калаада жол кире акысынын кымбаттаганына коомчулук нааразычылыгын ушул убакка чейин айтып келүүдө. Өлкөдө азык-түлүк баасы жана көмүрдүн наркы жогорулап, буга кошо жол кире кымбаттаганына нааразы болгон элдин үнү бийликке жетпей келет.   

Ошондой эле, карапайым калк кол кире 15 болгону менен баягы эле тыгын, мектеп окуучулары кечинде кыйналып жатканын айтышууда.

Эске салсак, ушул жылдын июнь айында Бишкектин маршрутка айдоочулары жол кире акысын көтөрүүнү талап кылып иш таштаган. Жыйынтыгында Бишкек шаарында жол кире акысы 1-ноябрдан тарта 15 сомго чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости