www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү ырчы Курал Чокоевдин шоу-прогораммасы маданият чөйрөсүндө бир топ ызы-чуу жаратты. Көпчүлүк ырчылар министрликтин Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевди наамынан ажыратуу боюнча чечимине каршылык көрсөтүп жатышат. Кээ бирлери министрлик тарабынан берилген төш белгилердин эч кандай мааниси, куну жок экенин айтып чыгышты.

«Силер өзүңөрчө бир топ болуп, көбүнесе орус тилдүү контингент биригип алып, маданият министрлигине ар кайсыны айтып жатасыңар», - дейт белгилүү журналист Семетей Талас уулу. Мындай пикирин ал бүгүн, 14-январда өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Жанагы наамын тапшырабыз деген маданият өкүлдөрү. Силерге наамды министрлик берди. Ага сөз жок. Бирок, ага чейин силердин ар кайсы конкурстарга катышкан видеоңорду кубаттап, колдоп, бөлүшкөн ушул соцсеттеги биздин мекендештер эмес беле.

Министрлик да кандайдыр бир деңгээлде элдин силерге болгон алкышын, сый-урматын, талабын эске алып анан наам берет. Канча эмгеги сиңип, бирок «эмгек сиңирген» артисттигин алалбай жүргөн таланттарга карапайым калк, «ушул баланчанын эмгеги бааланбай жүрөт» деп кулак кагыш кылып жатып, далайлар наам алды го.

Силер өзүңөрчө бир топ болуп, көбүнесе орус тилдүү контингент биригип алып, маданият министрлигине ар кайсыны айтып жатасыңар. Ошол эле убакта силерди колдоп келген элдин урмат-сыйын аттап өтпөгүлө да.

Эл, Курал Чокоевдин абийирсиз проектисине нараазы болду. Туура түшүнүү менен кабыл алгыла да! Эл бар үчүн элдин ырчысы, чоорчусу, шоумени болуп жүрөсүңөр», - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости