www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айданбек Акматов: «Өкмөт башчылыкка өпкөлөө...»

«Азыркы конституция боюнча өкмөт башчынын ыйгарым-укуктары бир топ күчтүү, ал аткаруу бийлигинин башчысы», - дейт белгилүү журналист Айданбек Акматов. Мындай пикирин ал бүгүн, 14-январда өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Өкмөт башчылыкка өпкөлөө...

Социалдык түйүндөрдө жана калк ичинде ким өкмөт башчы болот деген суроо кызуу талкууланып жатат. Айрымдар талапкерлерди сунуштап, кайсы бир саясатчы өкмөт башчылыкка мына-мына дайындалат, маселе чечилген деген сөздөрдү да айтып жатат.

Туура, С. Жапаров президент болуп шайланган соң, анын ордуна өкмөт башчылыкка бирөө шайланыш керек. Азыркы конституциянын талаптары ошондой. Бул конституция боюнча өкмөт башчынын ыйгарым-укуктары бир топ күчтүү, ал аткаруу бийлигинин башчысы.

Бирок бул конституциянын саналуу күнү калды. Анткени 10-январда референдумда (туура, референдумдун мыйзамдуулугу талаштуу) калк президенттик башкарууну тандап алды. Ошого жараша жакынкы айларда дагы бир референдум болуп, анда президенттик башкарууга ыктаган конституция кабыл алыныш керек.

Жаңы конституцияда аткаруу бийлигинин башчысы президент болуп калмакчы. Ошондуктан жоюулуп кетүү алдында турган өкмөт башчылыкка өпкөлөй умтулуунун же бул кызматка кимдир-бирөөлөрдү түртүүнүн кажети канчалык?

Артем Новиков эле өкмөттү эрмектеп турганы оң го...», - деп жазган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости