www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Журналист Семетей Талас уулу Суусамыр – Талас жолу тууралуу маселе көтөрдү. Бул тууралуу билдирүүсүн ал өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
«Суусамырдан Таласка кеткен жол өлүптүр. Талкаланып калыптыр. Ушул жолду «Кыргыз жол курулуш» жана шылуундук боюнча айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн, түркиялык «Чакыр Йапы» деген аферист компания салды эле.
Жетекчиси камалымыш болуп качып кеткен. Алар кетти. Таш-талканы чыккан жол жана ага алынган миллиондогон кредиттер Кыргызстандын моюнунда калды. Кыргызстан азыр өлүп калган жол үчүн кредитти пайызы менен төлөп атат. Убагында ушул маселени канча жаздык.
Бийликтен реакция болгон эмес. Былк этпес бир былк деп койгонго жарабаган. Энди, ушул тапта, Баткенде СASA 1000 эл аралык энергетикалык проектинин алкагында салынып жаткан жогорку чыңалуудагы электр энергиясын Афганистанга жеткирүү жумуштары жүрүп жатат.
Аны да түркиялык «Миташ» компаниясы утуп алган. Тендерди кантип утканы белгисиз, бирок анын ушундай эл аралык долбоорду аткарууга уруксат берген эл аралык лицензиясы жок экенин тендерге катышкан экинчи компания айтып чыгып, атыгүл убагында финполго арыз жазган.
Ошол маселе, ошол бойдон турат. Миташтын лицензиясы текшериле элек. Иш УКМКда. Аларың Миташка адвокат болгондой. Сүрсүтүп кармап турушат. Ии баса, жогорку чыңалуудагы электр зымдарын долбоордо көрсөтүлгөн бийик тоолуу жерлер менен алып өтпөй, түздүк жана жапыз жерлер менен алып өтүп, 22 миллион доллар үнөмдөштү деген кеп бар.
Түздүк жерлер менен алып өтсө, канча бир жылдан кийин ал зымдар керилип, анан салаңдай баштайт. Адамдардын өмүрүнө коркунуч келтириши толук мүмкүн. Ушундай ири коррупциялык иштерди жазсаң реакция жок дагы, маршруттар боюнча митингге чыгайын десең үч тамгадан чалып алып, «митингге чыкпай эле, биринчи мэрия менен сүйлөшүп көрбөйсүңөрбү» дешет! Мындай маселеге болсо реакция жок!», - деп белгилеген ал.
Булак: NazarNews.kg