www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балким күйөөсү жок аялдар махабат ырларын шурудай тизмектер, бирок күйөөсү бар аял, башка эркекке махабатын билдирип: «Сен дегенде жүрөгүм дың-дың, дың-дың»-деп, же күйдүм-сүйдүм, сенин таман алдыңда жаткым келет деген сыяктуу сөздөрдү арнап жазып көрсүнчү. Же ажырашат, же болбосо балээге калат. Анткени эркектер кызганчак келишет. Эркектер болсо, аялдары барбы же жокпу, айрыкча чыгармачыл адамдар Рыспай Абдыкадыров, Түгөлбай Казаков, Исрадин Аманбаев сыяктуу алп таланттар сүйүү ырларына бапын келтире обон чыгарышып, боздоп ырдап келишкен. Кыргызстанда көп аял алууга болбойт. Айрыкча совет мезгилинде, болбосо ар бир обончу жыйырма-отуздан аял алып жиберишмек. Азыр да бизде көп аял алууга жол берилбегени менен көп аял алгандар четтен табылат.

Шариятта экинчи аял алуу кандайдыр бир көйгөйдү чечкен учурда гана туура деп эсептелинет. Ал эми азыр болсо көп аял алуунун өзү көйгөйгө айланды. Коомдун оңолушуна биринчи кезекте аялзаты таасир тийгизет. Аял кандай болушу керек, баланы кантип тарбиялашы керек, өзүнүн жубайына кандай мамиле кылышы керектигин улуу муундардан үйрөнүп алышат. Күйөөсүнө жакшы мамиле кылуу, үй-бүлөнү сактоо, татыктуу баланы тарбиялоо - аялдын негизги милдети экенин билишет. Өзү ынтымак деген нерсе биринчи орунда турат. Жакшы жашоо үчүн, албетте, ынтымак керек.

Атынча аялдарга тиешелүү маселелердин бири - көп аялдуулук. Негизи көп аял алуу бул көйгөйбү же көйгөйдү чечүүнүн жолубу? Көп аял алууга исламда уруксат берилген. Шариятта экинчи аял алуу кандайдыр бир көйгөйдү чечкен учурда гана туура деп эсептелинет. Ал эми азыр болсо көп аял алуунун өзү көйгөйгө айланды. Экинчи аялды алуудан мурда анын жол-жобосун билүү керек жана ал нерсе кандайдыр бир уруксат менен чечилиши керек. Өзү бул уруксат жубайларды бактылуу кылуучу нерсе, бирок биз аны туура эмес түшүнгөндүктөн бул нерсе бактысыздыкка алып барууда.

Акыркы мезгилде атынчалардын арасында да ажырашуулардын көбөйгөндүгү айтылат. Кээде ата-энелер "мен балама оромол оронгон кыз алып берем", деп жоолукчан кыз алып бергени менен, жаңы үйлөнгөндөрдүн пикири бири-бирине дал келбей, алар ажырашып кетүүдө. Үйлөнүүнүн да өзүнүн максаты болот эмеспи. Биз негизи эле ошол максатты билбестен үйлөнүп же үйлөнтүп коёт экенбиз. Ошондуктан биз өзүбүздүн тажрыйбабызга таянып кыз-келиндер үчүн үй-бүлө курууга даярдык боюнча атайын курс ачылып окушат. Бирок эркек балдарыбыз мындай нерсени окубагандыктан курсту бүткөн кыз-келиндер менен тил табыша албай жатышат. Ошондуктан эми эркек балдарыбыз үчүн да курстарды ачууну, аларды окутууну пландаштырышыбыз керек.

Кыргызстанда мусулман эркек жана аялдар талак маселесин кандай түшүнөт? Себеби, бат эле үйлөнүп, бат эле талак берип ажырашкандар көбөйүүдө. Себеби, талак эмне экенин билбеген, түшүнбөгөндөр аябай көп. Ачуу сүйлөп койсо эле үч талак берип салгандар андан көп. Өзү үй-бүлө курууну оңой ойлогондор аз эмес. Кээ бирлери Орусияга кетип, ал жактан бирөөнү таап, анан аялына талак беришет. Молдолор нике кыйып жатканда бул маселени айтышы керек. Ата-энеси да баласын үйлөнтүп жатканда ага үч талак эмне экенин түшүндүрүшү зарыл. Бирок азыр ата-энелердин өздөрү талак эмне экенин түшүнбөйт.

Талак делген нерсени эркектер аял жаңыртуу үчүн колдонуп жаткандай. Бул аябай көйгөйлүү маселе. Өзгөчө бай адамдарга кыздарыбыз оюнчук болуп жатат. "Карайм, багам" деп алдап, жашыруун нике кыйып алып, убактылуу жашагандан кийин бир-эки жылда талагын берип айдап жиберишүүдө, анан кайра эле башкасына үйлөнүшөт. Мындайлар абдан көп. Кыздарыбыз колдон-колго өтүүдө. Ушул нерсе кайра эле экинчи, үчүнчү, төртүнчү аял алуу маселесине алып келүүдө. Анан дагы Кудайдын айтканын кылбаган, намаз окубаган эркектер экинчи, үчүнчү аялды алууда мусулман болуп калууда, "мага уруксат берилген" деп айтышууда. Ушуга түрткөн ата-энелер да бар. Алар өздөрүнүн кыздарын күйөөсүз калгандан көрө байга тийип, бала төрөөгө үгүттөшөт. Бала төрөсөң кетпейт, сага үй алып берет дешет. Бирок үй да жок, башка да жок. Керек болсо баланын атасынын атынан туулгандыгы тууралуу күбөлүк албай калышууда.

Бизде жалпысынан үй чарбачылыгына аялдар күнүгө 290 мүнөтүн бөлсө, эркектер 44 мүнөтүн бөлөт. Айыл жеринде аялдар 325 мүнөтүн, эркектер 43 мүнөтүн коротсо, шаарда эркектер 45 мүнөтүн коротушуп, аялдар 243 мүнөтүн коротушарын статистика бекемдеди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости