www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 7-майда тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Италия Республикасынын тышкы иштер жана эл аралык кызматташуу министринин орун басары Манлио Ди Стефано менен онлайн режимде жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
«Н.Ниязалиев акыркы жылдары эки тараптуу байланыштарды активдештирүү жана саясий байланыштарды чыңдоо тенденциясын канааттануу менен белгиледи. Буга байланыштуу тараптар жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу, инвестиция, салык, билим берүү, маданият жаатында мыйзамдык базаны өркүндөтүү, ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда кызматташтыкты орнотуу маселелерин талкуулашты.
Соода-экономикалык байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеген Н.Ниязалиев италиялык делегацияны 2021-жылдын октябрында Бишкекте өтө турчу «Европа биримдиги–Борбордук Азия экономикалык форумуна» катышууга чакырды.
Ал эми Ди Стефано Кыргызстандын Италиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн ачылышын кубаттады жана эки тараптуу байланыштарды тереңдетүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Анын айтымында, 2021-жылдын сентябрь айынан тартып Венгриянын Бишкектеги элчилиги Италия Республикасына виза берип баштайт.
Андан тышкары кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар боюнча Кыргызстандын чыр-чатактуу маселелерди чечүүдө дипломатиялык ыкмаларды колонгону баса белгиленди.
Ди Стефано кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, Италия тарап колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин баса белгиледи», - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg