www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровго козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнүн, ишти Биринчи май райондук соту караарын, бүгүн 10-октябрда Бишкектеги басма сөз жыйынында анын адвокаттарынын бири Юлия Богданова билдирди. 

Бул боюнча Богданова: “Биз эми соттун адилеттигине ишенип турабыз. “Мамлекеттик чыккынчылык” беренесинин негизинде коюлган айып негизсиз. Мадумаров өзү муну ага каршы атайын жасалып жаткан иш деп баалоодо”, - деп айтып,  ишке “жашыруун” деген гриф коюлгандыктан эч кандай маалымат алуу мүмкүн болбой, юридикалык жардам берүү кыйын болуп жатканын, Мадумаровдун колуна айыптоо актысы берилбегенин белгиледи.

Саясатчынын дагы бир адвокаты Кубанычбек Туманов Мадумаровго жүрөгүн текшерген убактылуу медицинадык аппарат тагылганын, 26-сентябрга караган түнү анын жүрөгү төрт жолу токтогону аныкталганын, УКМКнын бейтапканасынын кардиологу тезинен операция жасоо керектигин айтканын билдирди.

“Бирок биз ушул күнгө чейин Мадумаровду ооруканага чыгарып, ден соолугун карата албай жатабыз”, - деди Туманов.

Саясатчынын адвокаттарынын соңку маалыматы боюнча атайын кызмат комментарий бере элек.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости