www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда сырткы күчтөр Борбор Азия өлкөлөрүн алсыратууну каалап жатат. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун маалымат жыйыны учурундагы билдирүүлөрүнө таянып РИА Новости агенттиги жазды.

"Борбор Азияда жана ЖККУга байланышы бар башка өлкөлөрдөгү абалды курчутууга кызыкдар болгондор көп. Мындай кырдаал АКШ НАТОнун башка мүчөлөрү менен биргеликте Афганистандан качып кеткенден тарта жаралды. Ушул тапта Афганистандын өзү мамлекетти кайра кабылына келтирүүгө муктаж болуп турат", — деди Лавров.

Ошондой эле ал мындай коркунучтардан улам Казакстандагы башаламандык учурунда ЖККУнун тынчтык орнотуучулук миссиясын колдонууга туура келгенин айтып, миссиянын ыкчамдыгы Батышты таң калтырганын кошумчалады.

"ЖККУнун тынчтык орнотуучулук боюнча потенциалы, менимче, бүткүл дүйнөгө өз дараметин көрсөтө алды. Казакстандын президентинин өтүнүчү менен бул өлкөгө жиберилген аскерлердин ишинин ыкчамдыгы Батышты таң калтырып, татыктуу баасын алды. Мындан эч шегим жок", — деди министр.

Ошол эле учурда Лавров "бардык нерсеге даяр болуу керектигин" айтып, бирок тынчтык орнотуучулук миссиянын мындан ары кереги тийбейт деп үмүт кыларын билдирди.

"Бул тажрыйба мындан ары эч кимге кереги тийбесин деп тилек кылабыз. Бул үчүн биз колдон келген аракеттерди жасап жатабыз", — деди ал.

Ошондой эле министрге журналисттер "Казакстандагы операция үчүн Батыш тараптан дагы санкциялар болушу мүмкүнбү?" деген суроо беришти. Лавров "Батыштан баарын күтсө болот" деп жооп узатты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости