www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

15-мартта Сербиянын борбору Белградда өкмөткө каршы митингге 107 миң адам катышты. Бул тууралуу Сербиянын Ички иштер министрлиги билдирди.

Демонстранттардын арасында студенттер, фермерлер, байкерлер, өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн кызматкерлери бар экени кабарланууда.

"Бул митинг 2024-жылдын ноябрь айында башталган нааразылык акцияларынан берки эң чоң митинг болду", — деп айтылат маалыматта.

Демонстрация жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:00дө башталды. Аны студенттик бирикмелер уюштуруп, башка демонстранттар топторун да аларга кошулууга чакырган. Сербиянын укук коргоо органдары парламент имаратындагы митингге 60 миңдей адам катышат деп күтүшкөн.

Маалым болгондой, митингдин катышуучулары өлкөдөгү коррупцияга каршы чыгып, президент Александр Вучичтин кызматтан кетишин талап кылышууда. Вучич өзү нааразылык акцияларын мыйзамсыз деп атады.

Маалымат үчүн айта кетсек, Сербияда массалык митингдер 2024-жылдын ноябрында Нови-Сад шаарындагы темир жол вокзалында бетон чатыр кулап, 15 адам каза болгондон кийин башталган. Станция мындан бир канча убакыт мурда реконструкцияланган. Активисттер трагедияга күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышты. Сербиянын премьер-министри Милош Вучевич нааразылык акцияларынан улам кызматтан кетти.

Эске салсак, өткөн жылдын 22-декабрында он миңдеген адамдар Сербиянын борбору Белграддын борборуна чогулуп, президент Александр Вучичке жана анын Серб прогрессивдүү партиясына (СНС) каршы нааразылык акциясына чыгышкан. Оппозиция лидерлери жана коомчулук бир нече жолу көчөгө чыгып, кырсыкка бийликтеги коррупция жана тууганчылык себеп болгон сапатсыз курулуштар себеп болгонун айтып чыгышкан. Митингчилер “Вучич, ууру!” жана “Колуңда кан” деген жазууларды кармап, шаарды аралап өтүштү.

Мухаммад Хожиев, Ташкен

Последние новости