www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин 1-Май райондук сотунда “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук териштирүү иши башталды. Кезектеги жыйын 6-декабрда өтөт.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын  мурунку кеңешчиси, ЖАМКтын жетекчиси Калыбек Качкыналиев иштин материалдары менен танышып жатышат

Атамбаевдин адвокаты  Сергей Слесаревдин билдиришинче анын бул иш боюнча күнөөсүн далилдөөчү далилдер жок. 

«Шамил Атаханов менен беттештирилген протоколдо жана Алмазбек Атамбаевдин тастыктамасында Атаханов Атамбаевге каршы көрсөтмө берген эмес. Сөз атайын уюштурулган операция жөнүндө жүрүп жатат, Атамбаев Батукаевдин лейкоз менен ооруганын да билген эмес. Айтмакчы, тергөөдө Батукаевдин оорусу жок экендигин жана рак эместигин тастыктаган далилдер табыла элек”,-дейт Слесарев.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости