www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

18-февралда Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин башчысынын атына Бишкек ШИИББнын МККБнын кенже тескөөчүсү, милициянын кенже сержанты А.К., билдирүү менен кайрылып, «Лада Приора» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу А.С. аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган.

Текшерүү учурунда, ошол эле күнү саат болжол менен 04:55 чамасында аталган унаа айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаргандыгы үчүн Манас көчөсүндө жайгашкан айып короого токтотулганы аныкталган.

Административдик протокол түзүлүп жаткан учурда жаран А.С. айып короонун аймагынан, милиция кызматкерлеринин уруксатысыз унаанын рулуна отуруп, кызматкерлерди сүзүп кеткен. Натыйжада милициянын кенже сержанты А.К. унаанын капотунда калып, болжол менен 20–30 метр аралыкка чейин сүйрөлгөн. Андан соң жаран А.С. окуя болгон жерден белгисиз багытта изин жашырып кеткен.

Окуянын кесепетинен милиция кызматкери денесинен жаракат алган.

Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-(Бейбаштык) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 1995-жылы туулган А.С. аныкталып, кармалган. Ал Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

Биринчи май РИИБи жарандарды ИИОнун кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын так аткарууга чакырат. Милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө мыйзам бузуу болуп эсептелет. Коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздап жаткан милиция кызматкерлерине урмат-сый жана түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз.

Последние новости