www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун Лебединовка айылындагы алам өлтүрүү фактысы боюнча 2008-жылы туулган жаран шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти .
Маалыматка ылайык, окуя 2025-жылдын 11инен 12-июнга караган түнү болжол менен саат 05:30 чамасында болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, Т.Т. жана К.А. аттуу жаран үйдүн ичинде спирттик ичимдик ичип, мас абалда уруш чыгып кеткен. Натыйжада Т.Т. бычак менен К.А.нын моюнуна жана көкүрөгүнө бир нече жолу сайып, натыйжасында К.А ошол жерде каза болгон.
Кылмыштын изин жашыруу максатында, шектүү маркумдун сөөгүн үйдүн короосундагы ажатканага жашырып койгон. Кийинчерээк жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында Т.Т. өз көрсөтмөсүндө кылмыш жасалган жерди көрсөткөн. Текшерүү маалында К.А.нын сөөгү ажаткананын ичинде чирип кеткен абалда жана зордук-зомбулуктун белгилери менен табылган.
Бул факт боюнча соттун чечими менен Т.Т.га карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.
Тергөө иштери аяктап, айыптоо корутундусу түзүлүп, кылмыш иши Бишкек шаардык сотуна караш үчүн жөнөтүлдү.