www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Непалда болгон нааразычылык акцияларынын жүрүшүндө 34 адам көз жумду. Бул тууралуу «Khabarhub» басылмасы Непалдын Саламаттыкты сактоо жана калк саясаты министрлигине таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн аймагында дагы 1889 адам дарыланып жатса, 949 адам ооруканадан чыгарылган.
Непалда социалдык тармактарга чектөө болгонуна байланыштуу сентябрь айынын башында нааразычылык акциялары башталган. Өкмөт 9-сентябрда интернет-ресурстардын ишине болгон тыюу салуу чечимин жокко чыгарган. Бирок акциялар токтогон жок.
Акциялардын катышуучулары өкмөттөн экономикадагы көйгөйлөрдү чечүүнү жана өлкөдөгү коррупцияны токтотууну талап кылууда. Кечээ митингге чыккандар Непалдын убактылуу өкмөт башчысы кызматына Жогорку соттун мурдагы төрагасы Сушила Каркини дайындоого чакырышты. Өлкөнүн мурдагы премьер-министри Шрам Оли нааразычылык акциялары башталгандан кийин кызматтан кеткен.