www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ат-Башы районунда жайгашкан орто кылымдарга таандык Таш-Рабат кербен сарайын оңдоо, реставрациялоо жумуштары башталды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, кербен сарай «Көөнө тарых сырлары» мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында оңдоодон өтмөкчү. Бүгүнкү күндө табигый, атмосфералык, механикалык жана антропогендик таасирлерден улам бузулуу коркунучунда турган кербен сарайды сактап калуу максатында “Кыргызреставрация” илимий-изилдөө долборлоо институту тарабынан тендер жарыяланып, комплекстүү илимий изилдөө жана реставрация жумуштары аткарылууда.
Белгилей кетсек, республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинде турган Таш-Рабат кербен сарайында XX кылымдын 70-80-жылдарында акыркы реставрациялоо иштери жүргүзүлгөн.
Аталган тарыхый-маданий мурас объектиси 2024-жылдан тартып Маданият министрлигинин карамагында турат. Буга чейин ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу