www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Киши өлтүрүүгө шектүү адам кармалганын Чүй облусунун милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-март күнү Жайыл РИИБне Кара-Балта шаарынын түштүк бөлүгүндө жайгашкан «Южная» дачасынын аймагында белгисиз адамдын жерге көмүлгөн денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факт каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу дароо жөнөтүлгөн. Окуя болгон жерди кароо учурунда дача участогунун аймагында, тосмонун ички тарабынан 15–20 см тереңдикте казылган жерде чалкасынан жаткан эркек адамдын жансыз денеси табылган. Маркумдун өздүгү такталып, ал 1993-жылы туулган Б.Н. экендиги аныкталган.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө учурунда аныкталгандай, 1988-жылы туулган жаран Д.Р. 2026-жылдын 19-март күнү үч белгисиз киши менен таанышкан. Алар менен бирге баңги заттарды колдонгондон кийин ортолорунда чыр чыгып, мушташка айланган. Окуя учурунда эки жаран качып кеткен, ал эми Ж.Р. Б.Н.ни кармап калып сабаган. Андан кийин аны такси менен өзүнүн жогоруда көрсөтүлгөн даректеги дачасына алып барып, ал жерде дагы уруп-сабоону уланткан. Натыйжада жабырлануучу каза болуп, шектүү кылмышты жашыруу максатында анын сөөгүн дачанын аймагына көмүп, кийимдерин жана жеке буюмдарын ар кайсы жерлерге таштап салган.
Ошондой эле Д.Р. 2014-жылдан бери психиатр дарыгердин каттоосунда турары аныкталган.
Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде бул кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган Д.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иштери улантылууда.