www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы тарабынан шаар четиндеги жана шаар аралык автобус каттамдарында «Бакай Банк» ЖАКтын QR-коддору аркылуу накталай эмес жол кире төлөө системасы пилоттук режимде ишке киргизилди.
Учурда жаңы төлөм системасын этап-этабы менен киргизүү иштери жүргүзүлүүдө. Анын алкагында программалык камсыздоо, жабдуулар жана шаар четиндеги каттамдардын тарифтик өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жол кирени эсептөө механизмдери сыноодон өткөрүлүп жатат.
Шаар ичиндеги каттамдарда бирдиктүү тариф колдонулса, шаар четиндеги жана шаар аралык каттамдарда жол киренин баасы жүргүнчүнүн жүргөн аралыгына жана белгиленген тарифтик зоналарга жараша айырмаланат. Буга байланыштуу QR-код аркылуу төлөм жүргүзүү системасын киргизүү каражаттарды туура эсептөө жана эсептен чыгаруу үчүн кошумча техникалык жөндөөнү талап кылат.
Учурда пилоттук долбоор №226, №153, №34, №51, №32, №1 жана №23 автобус каттамдарында ишке ашырылууда.
Пилоттук режим системасынын ишин реалдуу шарттарда текшерүүгө, мүмкүн болгон техникалык мүчүлүштүктөрдү өз убагында аныктап жоюуга, ошондой эле жүргүнчүлөр үчүн жол кирени төлөөнүн ыңгайлуу, тез жана коопсуз ыкмасын камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Тестирлөө жана системаны жөндөө иштери аяктагандан кийин QR-код аркылуу жол кире төлөө бардык шаар четиндеги жана шаар аралык каттамдарга этап-этабы менен киргизилет.