www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шаарга кошулган айыл жерлеринин категориясы өзгөрбөйт

Бишкек, Ош, Кант шаарларына кошулган айылдардын жер категориясы өзгөрбөйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин агрардык саясат комитетинин жыйынында экономика министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын айтымында, айылдар калаанын административдик аймагы болуп калат.

«Шаарда калктуу аймак жана айыл чарбага багытындагы жерлер болот. Эл көбөйгөн сайын гана жердин категориясы алмаштырылышы мүмкүн. Бишкек шаарынын айланасындагы айыл чарба жерлерине салынган үйлөр жер мунапысынын алкагында мыйзамдаштырылган. Алардын азыр административдик аймактардын катарына киргизүү маселеси каралууда», — дейт ал.

Депутат Акбөкөн Таштанбеков административдик аймактык реформада шаарга бир нече чакырым алыстыкта жайгашкан айылдар кошулуп, ортодо анклавдар пайда болгонун айтты.

«Шаарда калктуу пункт болуп, анын аймагы чийилиш керек», — дейт ал.

Экономика министрлигинин маалыматында, реформанын жыйынтыгында жергиликтүү бюджеттин 1,7 миллиард сом бюджети үнөмдөлдү.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости