www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шадиевди неге аяшат?

Эч кимге катуу айтпаган, адамгерчилиги менен биринчи орунда турган Шадиевге негедир аяр мамиле жасалып жаткандай туюлат. Жогору жак менен макулдашып алган үчүн Шадиев жашырынып жатабы же ал жигин билгизбей кеткенди билген азаматпы. Же анда жетинчи сезими катуу өнүккөнбү?

Балким ошон үчүн кылмыш иши козголоорун күн мурунтан билип, ден соолугун шылтоолоп, чет мамлекетке чыга качкандыр. Ошон үчүн бар мүлкүн, жакындарынын эсептеринен бери камакка алдык деген укук коргоо органдары да анын алдында алсыз болуп жаткандыр. Себеби, чындап мүлкү камакка алынса, Шадиев ээлик кылган ишканалар ишин эбак токтотмок. Алар Шадиев Кыргызстанда жүргөндөй эле иштеп жатышат го. Ошондой эле башында мүлктөрүн камакка алдык дегендерден азыр үн чыкпай калды. Тескерисинче, ал баарын сатууга үлгүрүптүр деген кептер айтыла баштады. Кыскасы, Башкы прокуратуранын "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси ага улай Кылмыш-жаза кодексинин "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренесинде каралган белгилер боюнча иш козголуп, "Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо" беренеси боюнча да айып тагылган. Катар –катар кылмыш иши козгошкону менен Шадиевден дайын жок.

Кечээ жакында эле мандатынан баш тартканы болбосо, иши сотко өттү дебесек эле аны кармап келүү, жоопко тартуу аракети көрүлбөгөндөй. Болбосо Илмиянов сыяктуу кармайм дешсе, заматта эле колго түшүрүшмөк да.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости