www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда акыркы учурларда ар ким өз билгенин кылып, “акылдуулар” көп бирок кылган кызматынан же иш аракетинин майнап чыкпагандар көбөйдү.
5-6 жылдан бери Кыргызстандын саясый тармагында Курултай деген сөздөр тынымсыз айтылып, колунан келгени өтө чоң болбосо дагы өздөрүн жарнама кылып, жарамазандарын айтып келүүдө.
Алсак, 7-ноябрда “Жаңы доор” коомдук бирикмесин түптөгөн саясатчы Мукар Чолпонбаев Ош шаарында Курултай өткөрүүнүн алдында турса, 24-ноябрда борборубуз Бишкекте саясатчы Азимбек Бекназаров уюштурган Курултай өтүшү күтүлүүдө.
Мындай көрүнүшкө парапсихолог Алмакан Бекова:-Он адамды чогултуп алып каалаган күнү, каалаган учурда Курултай өткөрө берсе болобу? Бүгүнкү күндө элдин башы айланып калды. Кайсы бирине катышаарын билбейсиң, Курултайдын негизги түпкү максаты эмне экенине түшүнүү кыйын. Курултайдын негизги түпкү максаты эмне экени тоолук элге толук жеткенде эл өзү кайсы Курултайга катышаарын тандап алмак аттиң, деген пикирин билдирди.
Булак: NazarNews.kg