www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында мурдакы депутат жана вице-премьер Аскарбек Шадиевдин ысмы менен байланышкан окуя кайрадан уланды. Бул окуя кыргызстандык азыркы аткаруу бийлигинин саясатынын үйрөйдү учурган кейпин көрсөтүүдө. Сөз жүзүндө аткаруу бийлиги ачык-айкындуулукту, адилеттүүлүктү коргойбуз, коррупция менен күрөшөбүз дегени менен Шадиевдин чоо-жайын иликтеп чыккандан кийин иш теңирден тескери жүрүп жаткандай таасир калтырат.

Боршайком Америкада жашап жаткан Шадиевди өзүнүн берген арызынын негизинде мандатынан ажырата турганын жарыялады. Буга жооп кылып Шадиев эч кандай бул боюнча эч кандай документтерге кол койбогонун жана бул маселе боюнча өзүнүн «Бир бол» фракциясы менен да байланышпаганын бир нече ЖМКга айтып чыкты.

Демек, БШКга жөнөтүлгөн документтин көчүрмөсү жасалма болуп чыгабы?

Кандай болгон күндө деле Шадиевди акыры мыйзамдуу түрдө ЖКнын жыйналыштарына 30 күн келбей койгону үчүн мандатынан ажыратышмак. Анан депутаттыктан ажыраткыла деп өзү суранып жатат деген оюнду уюштуруунун эмне кереги бар эле?

Эмнеге качканын Шадиев эми өзү ачыктаган качуунун себептери андан да чуулгандуу угулат. Адегенде Шадиевди Айматов атындагы сыйлыкты уурдап алууга катышы бар деп айыпташкан эле, Бул айып башынан эле түшүнүксуз болул келген. Кеп Жогорку Кеңештин чиновниги Арсен Закиров бул максатка бөлүнгөн 30 миң долларды мыйзамсыз энчилеп алганы туурасында жүрдү, тергөөнүн ою боюнча кыязы, ал бул акчаны Шадиев менен бөлүшкөн. Эддин баары билгендей, Шадиев абдан бай адам. Болбогон бир нече миң доллар акча үчүн анын мындай көз боемочулукка барганын элестетүү кыйын. Башкысы Закировдун өзү УКМКда өткөн беттештирүү учурунда, «Шадиев бул чыгым жөнүндө эч нерсе билген эмес, баарын ага билинбей жасагам» - деп айтып чыкты. Депутаттын күнөөлүү экенин тастыктаган башка далилдер тергөөдө болгон эмес. Демек, Шадиевге тагылган айыпты кайра чакыртып алуулары керек эле. Ага кошо ал сыйлыкты уурдабаган сон демек, ал мыйзамсыз киреше табууга аракеттенген деген айып да алынышы керек болчу. Бирок мунун ордуна Шадиев аны камакка алуу даярдалып жатканын уккан.

«Иш мени камакка алууга же баш-ка жолу менен көзүмдү тазалоого баратканы ачык болду, - деп жазат Шадиев.

- Ошондуктан өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн коопсуздугун коргоо үчүн мен өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болдум».
Ал чек араны кантип өткөнүн да майда -чүйдөсүнө чейин билербиз. Тергөөчүлөрдүн ал кайсы бир чек арадагы дарыяны кечип өткөнү туурасында айтып жаткандары кыязы, жөн эле жомок болушу ыктымал. Анын мына ушундай кырдаалда качып кеткенин кылмыш деп эсептөөгө болобу? Мыйзамда «абдан зарыл болгон учурда» деген түшүнүк бар. Бул адам демек, өзүнө жана башка адамдарга тие турган олутгуу зыяндын алдын ала албаган учурда мыйзамды формалдуу түрдө буза алат дегенди билдирет.

Биз карап жаткан учурда да Шадиев жасалма түрдө тагылган айып боюнча өзүнун камала турганын башка жол менен алдын алууга башка ыкма калбаган болушу мүмкүн. «Өлкөдө болуп өткөндүн баарынан кийин акыйкатгуу соттук териштирүүгө ишенүүнүн мааниси калган жок», - деп жазат ал.

Аны эч бир далил жок туруп эмне үчүн айыптоону улантышты экен? Мүмкүн күч түзүмдөрү аны «майынан арылткысы» келип, андан ири акча өндүрүп алуу боюнча операция өткөргүсү келгендир? Мындай болгон күндө бул бийлик тарабынан жарыяланган коррупцияга каршы күрөшкө көлөкө түшүрмөк.

Эгерде коррупцияга каршы күрөшүүнүн максаты пара өндүрүп алуу болсо, анда бул биздин коомду тазарта да, ачык айкын да кыла албайт...

Билдирүүсүнүн аягында Аскарбек Шадиев: «Мен акыйкаттын салтанат кураарына жана элдин. коомчулуктун алдында акталарыма ишенем жана буга жетишүү үчүн коддон келгендин баарын жасайм» деген кызыктуу тактоо жасаган.

Кызык, бул Шадиев мырзанын оппозицияны колдойм дегенин билдирет болду бекен? Анткени азыркы бийлик анын акталышына жөн эле жол бере койбойт.

Асылбек Бектенов

Булак: "Ачык саясат"

Последние новости