www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бир бол” фракциясынын депутаты Аскарбек Шадиев кылмыш иши козголот дегенде жүрөгүмдү операция кылдыртам деп Кыргызстандан чыгып кеткен. Ошондон бери сессияга катышпайт же мандатын тапшырбай жүргөн.

Шадиев Америкада тайраңдап жүрө береби деп сындаган журналисттерден уялганбы же Кыргызстанга кайра кайтып келбесине көзү жеткенби айтор, бүгүн өз эрки менен БШКга мандатын тапшыруу боюнча арыз бериптир.

Шайлоо комиссиясы мыйзамга ылайык өз каалоосу менен фракциядан чыгууга арыз берген эл өкүлүнүн депутаттык ишмердүүлүгүн токтотуп, аны мандатынан ажыратты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости