www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пакистандын парламенти 11-апрелде Шахбаз Шарифти өлкөнүн жаңы премьер-министри кылып шайлады. Бул тууралуу Pakistan Today жазды.
Маалыматка ылайык, шайлоо парламентте ишеним көрсөтпөө жана 9-апрелде премьер-министр Имран Хан кызматтан алынгандан кийин өттү.
69 жаштагы Шахбаз Шариф буга чейин улуу агасы, мурдагы премьер-министр Наваз Шариф жетектеген Пакистандын Мусулман лигасы партиясынын лидери.
Эми Шахбаз Шариф жаңы өкмөттү 2023-жылдын августунда боло турган парламенттик шайлоого чейин түзөт.
3-апрелде парламентте Шахбаз Шарифтин партиясы менен Имран Хандын "Техрик-е-Инсаф" партиясынын тиреши президент Ариф Алви Имран Хандын сунушу менен Улуттук ассамблеяны (парламенттин төмөнкү палатасы) таркаткан.
Булак: NazarNews.kg