www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БШКнын ыкчам чара көрүү координациялык тобуна Р.А.дан “Ата Журт Кыргызстан” саясий партиясы Бишкектеги дарыканалардын жана медициналык мекемелердин жетекчилери аркылуу өз кызматкерлерине кысым көрсөтүп, алардын паспорттору менен ИНН маалыматтарынын сүрөттөрүн берүүнү талап кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Билдирүүдө партияны колдогон 10 шайлоочу арыздануучунун борбор калаадагы дарыканалардын биринде иштеген жубайына паспорттук маалыматтарын көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылса, ушундай эле талап ооруканалардын биринин кызматкери атасына да коюлганы айтылат.
Бул фактыларды тактоо жана юридикалык баа берүү үчүн маалымат Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү.
Эске сала кетсек, шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бирдиктүү шайлоо округу боюнча, 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча мажоритардык система боюнча шайланат.
Булак: NazarNews.kg