www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурда кылган кылмыштары үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер 3 адам кармалды. Бул тууралуу брифингде Башкы прокуратуранын өкүлү Бит-Аврагим Атур билдирди.
Анын маалыматы боюнча, кармалгандар Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында өздөрүнүн талапкерлигин көрсөтүшкөн. «Иш алдамчылыкка жана башка адамга тиешелүү болгон мүлктү өздөштүрүүгө байланыштуу», - деди ал.
Ошондой эле чиновник прокуратура органдарына шайлоо мыйзамын бузуу тууралуу 32 кайрылуу келип түшкөн.
«Анын ичинен 3 кылмыш жана 3 жорук тергөө амалдары менен ИИОго жөнөтүлүп, КЖБР катталган, 9 номенклатуралык иш эсептен чыгарылган, аймактык шайлоо комиссиясына 14 кайрылуу жөнөтүлгөн.
Прокуратура органдары интернек тармактарына көзөмөл жүргүзүшүүп, 46 ушундай басылмаларды карады, анын ичинен кылмыштар боюнча 13 материал, жоруктар боюнча 4 материал КЖБР катталды, 2 иш БШКга жөнөтүлдү, 1 иш каралып жатат. Ошондой эле, 1 прокурордук жооп актысы киргизилди», - деди ал.
Булак: NazarNews.kg