www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жазында элдин баары уранга каршы туруп жаткан учурда уранды мактап сүйлөп жаткан Кожобек Рыспаев сыяктуу урандын кожоюндары эми уранды иштетүүгө каршы. Уран сындуу радиоактивдүү заттардын адамдардын ден-соолугуна жана экологияга тийгизе турган кесепети чоң. Совет доорунда иштетилген урандын калдыктарынан кутула албай жатып, жаӊы кендерди ачуу андан бетер коркунучтуу. Ошондон улам, депутаттар тобу тарабынан радиоактивдүү заттарды иштетүүгө багытталган мыйзам долбоору иштелип чыккан.
Тармактык комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев мыйзам долбоорунда өлкө аймагындагы мурда иштетилген радиоактивдүү заттардын калдыктары сакталган жайларды кайра иштетүүгө жана өлкө аймагынан сырткары жерден ташып келип иштетүүгө тыюу салуу чаралары каралганын айтты. “Ошондой эле, өкмөттүн мыйзам долбоорунан торийди алып салуу сунушу кабыл алынган жок”, - деп кошумчалады ал.
Эске салсак, коомчулук арасында Ысык-Көл облусуна караштуу Тоӊ районунун аймагындагы Кызыл-Омпол жергесинде жайгашкан уран кенин жабуу маселеси кызуу талкууланган. Ага улай, Жогорку Кеӊеш тарабынан өлкө аймагындагы уран кендерин иштетүүгө тыюу салуу боюнча токтом кабыл алынган.
Эксперттердин пикиринде, уран кендеринин утурумдук пайдасына караганда зыяны көп. Дегеле, тоо-кен тармагында бирдиктүү саясат жок. Уран – өтө зыяндуу зат. Андан адам эле эмес, экология да бузулат. Урандын экономикалык жактан да пайдасы аз, анын калдыктарынан арылууга миллиарддаган сом каражат жумшалат.
Депутат Улан Примов өлкө экономикасынын азыркы абалын да эске алып, радиоактивдүү заттарды заманбап технологиялардын жардамы менен иштетсе боло турганын белгиледи. Мындай пикирди депутат Азамат Арапбаев да колдоп, биосфералык аймактардагы радиоактивдүү кендерди иштетүүгө тыюу салып, калган кендерге уруксат берүү зарылдыгын билдирди.
Мыйзам долбоорун колдогон депутаттар совет доорунда иштетилген урандын калдыктарынан ушу кезге чейин кутула албай келатканыбызды эске салып, каршы чыккандарды урандын зыянын бизнес менен алмаштырбоого чакырышты. “Кыргызстанда радиоактивдүү заттардын калдыктары сакталган жүздөн ашуун атайын жайлар бар экен, биз азыр ошолорду рекультивация жасай албай отурабыз”, - деди депутат Бактыбек Турусбеков.
Белгилей кетсек, ушу тапта уран кендерин чалгындоого, казууга, иштетүүгө 17 лицензия берилген. Анын ичинде 6 лицензия уран кенине байланыштуу, калганы радиоактивдүү заттарды коштогон элементтерге тийиштүү. Мурда белгилүү болгон сегиз уран кенинин үчөө Ысык-Көл аймагында, төртөө Чүй аймагында, бирөө Баткен аймагында жайгашкан. Мыйзам кабыл алынса, өкмөт аларды жокко чыгарууга тийиш.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg